Баш калкалоочулардын абалы эмне болот?

Баш калкалоочулардын Европага сапар тартуусу уланып жатат.

511222
Баш калкалоочулардын абалы эмне болот?
yunanistan sığınmacılar.jpg

Грециянын Македония менен болгон чек арасындагы баш калкалоочулардын лагерлери бошотулуп жатат.

Идомени лагери бошотулгандан кийин чөйрөдөгү расмий болбогон лагерлерде жашап жаткан 3 миң баш калкалоочу да автобустар менен расмий лагерлерге алынып барылды.

Бошотуу учурунда журналисттердин лагерлерге кирүүсүнө уруксат берилген жок.

57 миң баш калкалоочу болгон Грецияда дагы 12 лагер ачылат.

Бир тараптан баш калкалоочулардын Европага коркунучтуу сапар тартуулары да уланып жатат.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Италияда жуманын аягында 3 миңден ашуун баш калкалоочунун куткарылгандыгын билдирди.

Жээк коопсуздугун сактоочу топтор жекшемби күнү 1 миң 230 баш калкалоочуну куткарды.

2016-жылдын башынан бери 200 миң баш калкалоочу Жер ортолук деңиз аркылуу Европага барды.

Эл аралык миграция уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда 5 айдын ичинде 3 миң 100 качкын көчмөн каза болду.

Өткөн жылы 5 миң 400, акыркы 20 жылда болсо жалпы 55 миңден ашуун баш калкалоочу көз жумду.



Тектеш кабарлар