Португалияда мээси токтоп калган эненин курсагында эң узак мөөнөт жашаган бала

Салмагы 2 килограмм 350 грамм болгон эркек бала төрөлдү

506552
Португалияда мээси токтоп калган эненин курсагында эң узак мөөнөт жашаган бала

Португалияда болжол менен 4 ай мурда мээси токтоп калган эненин курсагындагы баласы кесарево жолу менен төрөлдү.

Борбор шаар Лиссабондогу бир ооруканада эненин курсагында 32 жумалык болгондон кийин кесарево жолу менен төрөлгөн эркек наристенин салмагы 2 килограмм 350 грамм болду жана ден-соолугу жакшы.

Кош бойлуулугун улантуу чечими, тесттердин жыйынтыгында баланын дени сак экени аныкталгандан кийин атасынын уруксаты менен кабыл алынган.

Бул наристе Португалияда мээси токтоп калган эненин курсагында эң узак мөөнөт жашаган бала болду.



Тектеш кабарлар