Мухаммед Али Кентуккиден узатылат

Легандарлуу боксер Мухаммед Алинин жаназа зыйнаты үчүн даярдыктар улантылууда

505630
Мухаммед Али Кентуккиден  узатылат

Мухаммед Али  мурасында айтылгандай жума күнү жерге берилет. Алинин жаназасы туулуп өскөн жери Кентуккинин Луисвилл шаарына алып барылды. Шаардын муниципалитет  башчысы жаназа зыйнатын белгилүү боксердун көптөгөн жылдар мурда өзү пландагандаганын, ушул планга ылайык түрдө акыркы жолчулугуна узатыларын билдирди. Ошол эле учурда Алинин балалыгы өткөн үйгө көптөгөн зыяратчылар келе баштады.

Шаардын тургундары чемпион спортсмендин атына курулган Мухаммед Али маданият борборун да гүлдөр менен кооздошту. Мухаммед Алинин жаназа намазын өзү сыяктуу кийин исламиетке өткөн америкалык мусулман лидерлерден имам Заид Шакир кылдырат. Жаназа зыйнатына башка диндердин дин адамдары да катышат. Жаназа зыйнатына Американын мурунку президенттеринен Билл Клинтон, президент Р. Т. Эрдоган, Иорданиянын королу Абдуллах сыяктуу мамлекеттик ишмерлер менен бирге бир топ белгилүү кишилер да араларында болгон 18 миң кишинин катышуусу күтүлүүдө.

74 жаштагы дүйнө чемпиону боксер узун убакыттан бери паркинсон оорусу менен күрөшүп жаткан.

Тектеш кабарлар