Эскертүүлөргө баш ийбеген Түндүк Корея
Бириккен Улуттар Уюму Түндүк Кореяны айыптады
![Эскертүүлөргө баш ийбеген Түндүк Корея](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e86b/8130/1c9e/574d1859d3a7f.jpg?time=1719119207)
Түндүк Корея бардык эскертүүлөргө карабастан ядролук ракеталарын сынап жатат.
Акыркы бир жуманын ичинде ийгиликсиз 3 сыноо өткөргөн Пхеньян өкмөтүн БУУ айыптады.
БУУнун Коопсуздук кеңеши жарыялаган билдирүүсүндө, мүчө өлкөлөргө чакырык салды.
Анда ракета сыноолорунун Кеңештин Түндүк Кореяга байланыштуу чечимдеринин бузулушу экени белгиленип, мүчө өлкөлөрдөн санкциялардын толук аткарылышы талап кылынды.
Ошондой эле Түндүк Кореянын иш-чараларына жакында байкоо салына турганы жана керек болсо дагы да катуу чаралардын көрүлөөрү баса белгиленди.
Январь айында суутек бомбасы, февралда да ракета сынагандыгын билдирген Түндүк Кореяга БУУнун Коопсуздук кеңеши оор санкцияларды киргизүүнү чечкен.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719119207)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719119207)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.