Орусия Сириянын Идлиб аймагын бомбалады
Орус армиясына таандык 3 согуштук учактын Сириянын Идлиб шаар борборунда ар кайсы аймактарга абадан кол салууларынын айынан 23 киши каза тапты.
![Орусия Сириянын Идлиб аймагын бомбалады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2a06/7ae3/cba9/574d63d716577.jpg?time=1719143385)
Түркия, Орусия Федерациясынын бүгүн эртең менен Сириядагы жарандарга карай абадан кол салуусун катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында «Сирияда саясий чечим табууну жана ок атышуулардын токтотулушу боюнча макулдашууну жактаганын айткан Орусия Федерациясынын бул принциптерди аесуз түрдө тебелеп жатканы аттын кашкасындай ачык көрүнүп турат» делди.
Анда айрыкча эл аралык жамааттын да убакыт коротпостон Орусия жана Асад режиминин бул кол салууларын токтотушу керектиги белгиленди.
Орус армиясына таандык 3 согуштук учактын Сириянын Идлиб шаар борборунда ар кайсы аймактарга абадан кол салууларынын айынан 23 киши каза таап, 100дөн ашуун киши да жаракат алган.
Орус армиясына таандык согуштук учактар өлкөнүн түндүк батышындагы оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Идлибдеги Эл Ватани жана Ибн-Сина ооруканалары менен катар Эрар мечити жана Кусур, Сувре райондорун да бомбалады.
Орустардын шаарга 17 жолу абадан кол салуусунда каза тапкандардын көпчүлүгү балдар жана аялдардан турат.
Эл-Ватани жана Ибн Сина ооруканалары жарактан чыгып калды.
Бул учурда Асадга таандык бөлүктөр да Латакиянын элет жериндеги Түркмөн тоосуна кургактыктан кол сала баштады.
Жергиликтүү маалымат булактары маалымдашкандай режим күчтөрү эртең менен эрте оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү айылдарды миномет жана ракеталар менен аткылады.
Андан соң кургактык кыймылын баштаган бөлүктөр, Келез жана Караман айылдарына кирүүгө аракет кылды.
Оппозициячылдардын жооп кайтарышы менен катуу кагылышуулар болуп жатканда аймактагы жарылуу үндөрү Түркияда Хатайдын Йайладагы районунан да угулууда.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719143386)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719143386)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.