ЕБи Бинали Йылдырым үчүн куттуктоо жарыялады

Федерика Могерини жана Йоханнес Хан, бирглеше жазуу түрүндө билдирүү жарыялашып Бинали Йылдырымды куттукташты.

496000
ЕБи Бинали Йылдырым үчүн куттуктоо жарыялады

  Европа Биримдиги (ЕБ) өкмөттү түзүү милдетин алган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Бинали Йылдырым үчүн куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана ЕБ комиссиясынын коңшулук саясаты жана кеңейүү сүйлөшүүлөрү боюнча мүчөсү Йоханнес Хан, бирглеше жазуу түрүндө билдирүү жарыялашып Бинали Йылдырымды куттукташты.

Анда: «Орток аймактык жана эл аралык кыйынчылыктарга каршы чогуу иштешүүнү жана ноябрь айындагы алгачкы ЕБ-Түркия саммити менен 18-марттагы ЕБ-Түркия келишиминде макулдашылганы сыяктуу, өнөктөштүгүбүз бардык жагынан уланышын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз»-делди.



Тектеш кабарлар