Кытай Пакистанга коргоо системасын сутууну сунуштады
CASICтин төрагасы Ви Йийин жана коштоосундагы делегациянын пемьер – министр Мухаммед Наваз Шерифти зыярт кылганы жана жолугушууда коргонуу кызматташтыгынын колго алынганы билдирилди
![Кытай Пакистанга коргоо системасын сутууну сунуштады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2f46/44b2/2e5c/56beceb762a03.jpg?time=1719100714)
Пакистандын премьер – министрлик бюросунан берилген маалыматта Кытай космостук билим жана өнөр жай мекемеси CASICтин төрагасы Ви Йийин жана коштоосундагы делегациянын пемьер – министр Мухаммед Наваз Шерифти зыярт кылганы жана жолугушууда коргонуу кызматташтыгынын колго алынганы билдирилди. Пемьер – министр Шериф коргоо жана космостук тармактарда Кытайдын колдоосун кубатташкандарын белгилеп, бул кызматташтыктын келечекте башка тармактарда иликтөөлөр менен дагы да күчтөнөрүн айтты. Шериф абадан коргонуу системасын алуу тууралуу Кытайдан келген сунушту карап чыккандан кийин бир чечим чыгарыларын айтты.
Кытай 46 миллиард доллар инвестиция салган Кытай - Пакистан экономикалык коридорунун эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү карым – катнаштардын символу болгондугун белгилеген Шериф : «Бир гана бул проекти аймак калктарынын турмушун өзгөртө ала турган көлөмдө. Бул үчүн Пакистан өкмөтү жана калкы катары Кытайга рахмат айтабыз»,- деди.
Кытай делегациясынын жетекчиси Ви да өзгөчө Пакистандын Белужистан аймагында жаратылыш газ түтүк жолдору проектилерине инвестиция салууну каалашкандарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719100714)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719100714)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.