Кытай жакырдык менен күрөшүүдө

Кытай Эл Республикасы 55 миллион жаранын жакырдык деңгээлинин үстүнө чыгаруу менен 2020 – жылга чейин жакырдыкты соңуна чыгарууну максат кылууда

488125
Кытай жакырдык менен күрөшүүдө

Кытай Эл Республикасы 55 миллион жаранын жакырдык деңгээлинин үстүнө чыгаруу менен 2020 – жылга чейин жакырдыкты соңуна чыгарууну максат кылууда.

Борбор шаар Пекиндеги 2016 Эл аралык жакырдыкты азайтуу форумуна катышкан 80 мүчө Кытайдын өткөн күндөгү тажрыйбаларынын башка өлкө жана аймактарга кандай жардам бере аларын сүйлөштү. Кытайдын акыркы 30 жылда 600 миллион адамды жакырдык деңгээлинин үстүнө чыгарганы белгиленген форумда мунун дүйнөлүк машстабда  жакырдыктан кутулгандардын 70 пайызына тең келгени баса белгиленди. Ушуга карабастан Кытайда азыр да көп сандаган кишинин жакырдык деңгээлинин астында жашаганын белгилеген катышуучулар жакырларга жардам берүү үчүн жаңы бир план түзүүдө. Ушуга караганда жакыр аймактардагы 2 миллиондон ашуун киши жылдын акырына чейин өнүккөн аймактарга жайгаштырылат.

Жакыр аймактарда базис менен бирге билим берүү, саламаттык сактоо жана жумуш сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыз кыла албаган кишилердин орун алмаштыруу менен бирге бул мүмкүнчүлүктөргө жетишүүсү максат кылынууда.

Мурунтадан коомдун баарын алган жакырдык пландарын түзгөн Кытай эми жеке кишилердин же үй – бүлөлөрдүн жакырдык шарттарын аныктоо менен бүтүрүүгө аракет кылат. Өлкөдөгү жакырдашуунун эки себеби 40 пайыздык катнаш менен саламаттык тейлөө. Дарылануусун мамлекет камсыз кыла албаган оорулуулар  кыйын шарттар менен кездешүүдө. Кытайда жылдык 353 доллар  киреше деп белгиленген жакырдык чегинде жашаган 70 миллион киши бар.


 

 



Тектеш кабарлар