Башикада ДЕАШтын таш талканы чыгарылды

Башикага кол салган ДЕАШтык 32 террорист жок кылынды.

474549
Башикада ДЕАШтын таш талканы чыгарылды

Башикага кол салган ДЕАШтык 32 террорист жок кылынды.

Ирактын түндүгүндө Башика аймагындагы Геду базасына 4-5 чакырым алыстыктагы алдыңкы коопсуздук элементтери орун алган аймак, ДЕАШтын мүчөлөрү тарабынан кечээ корнет үлгүсүндөгү танка аткыч куралдары менен атылды.

Кол салууда танканын үстүндө жайгашкан жана октун киришине бөгөт болуучу атайын зоот системасы болгон реактивдүү зооттор окторду артка кайтарып жатты. Танка менен анын ичиндеги экипаж зыян тарткан жок. Танкадагы реактивдүү зооттор жарылуунун таасири менен асманга учту жана перискобу зыянга учурады.

Кол салуудан кийин ошол эле танка багытын өзгөртүп ракета учуп келген аймактагы террористтер орун алган имаратты 8 жолу атты. Кол салган ДЕАШтык 10 терроист жок кылынды.

Имарат жана айланасындагы айрым террористтер 7 унаа жана 4 мотоцикл менен качууга аракет кылды. Жүрүп бараткан унаалардан беши жана 3 мотоцикл атылды. Аймакта байкалып калган башка ДЕАШ буталары да атылды.


Этикеткалар: #Башикага , #ДЕАШтык

Тектеш кабарлар