Панамадан жайылган документтер көп кишинин башын оорутат

Моссаке Фонсекага таандык 11 миллион барактык документ "Панама каттоолору" деген аталыш менен медиага өткөрүлдү.

464414
Панамадан жайылган документтер көп кишинин башын оорутат

Панамадан чыккан укук фирмасы "Моссак Фонсекага" таандык 11 миллион барактык документ "Панама каттоолору" деген аталыш менен медиага өткөрүлдү.

1970-жылдан берки убакыт тилимин камтыган документтерде, оффшор эсептер менен салык уурдагандардын арасында 12 мамлекеттик лидер жана 143 саясатчы орун алганы белгиленген.

Документтерде Исландиянын премьер-министри, Сауд королу, Укриананын президенти, Бириккен Араб Эмирликтери жана Аргентинадан саясатчылар, Англиянын премьер-министринин атасы, Сирия лидеринин бөлөлөрү жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын бир жолдошунун аты аталган.

Путиндин эң жакын жолдошторунан музыкант Сергей Ролдугинге таандык оффшор банк эсептери орун алганы, салык уурдаш үчүн жасалган орто эсеп менен 2 миллиард долардык акча которуунун Путинге чейин жеткени сөз кылынган.

Акча которуунун Панамадан Орусияга чейин, Швейцариядан Түштүк Кипр Рум Бөлүгүнө чейин кеңири желени камтыганы белгиленген.

Документтерде саясатчылардан башка, ыр чеберлери, ишкерлер, футбол жылдыздары сыяктуу абдан атактуу ысымдар да бар.

Бир тараптан бул маалыматтардын өтүп кетиши алгачкы кызматтан кетүүлөргө алып келди. Документтерде ысымы орун алган Исландиянын премьер-министри Зигмар Дэвид Гуннлаугссондун кызматтан кеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар