Македония чек арасын жабуу чечимин чыгарды
Өзгөчө абал өлкөдө аскердик бөлүктөрдүн чек араларда милдеттендирилишин мыйзамдуу абалга алып келди
Чек арасында миңдеген качкын күтүп жаткан Македонияда парламент чек арасын жылдын акырына чейин жабык кармоого чечим чыгарды. Ушундайча август айында жарыяланган өзгөчө абалдын мөөнөтү да узартылган болду.
Өзгөчө абал өлкөдө аскердик бөлүктөрдүн чек араларда милдеттендирилишин мыйзамдуу абалга алып келди. Македония чек аралары өткөн айдан бери жабык.Качкындар Балкан багыты деп аталган жолдо Түндүк Европага баруу үчүн Македония аркылуу өтүп жаткан.
Афинадагы кризис борборунун болжолдоруна караганда Грецияда азыр да 50 миңден ашуун качкын жашап жатат. Булардын 12 миңге жакыны Македония чек арасындагы Идомени лагеринде.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.