Эрдогандын жарыясы Брюсселди кыйын абалга түшүрдү

Бельгиянын коопсуздук бөлүктөрү Европа өлкөлөрүнүн сынына кабылды.

458937
Эрдогандын жарыясы Брюсселди кыйын абалга түшүрдү

Бельгияда шейшемби күнкү террордук кол салуулар тууралуу ички иштер министри Ян Жамбон жана адилет министри Коен Гиинстин кызматын таштоо арыздарын бергендери маалымдалган.

Айрым маалымат булактары, президент Режеп Таййип Эрдогандын кол салгандардан биринин Түркиядан депортация кылынып европалык кесиптештерин да бул тема боюнча эскерткенин жарыялаганы боюнча сөзү болгон министрлердин кызматтан кетүү арыздарын бергенин жарыялоодо.

Министрлердин кызматтан кетүүлөрүнүн Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишель тарабынан кабыл алынбаганы да келген кабарлардын арасында. Саясий аренадагы айтымдар кандай болсо дагы, Эрдогандын Брюсселдеги террордук кол салуулардын кылмышкерлеринин биринин Түркия тарабынан депортация кылынганын жана Европа өлкөлөрүнүн бул кишинин террор менен байланыштары темасында эскертилгенин жарыялоосу, кеңири жаңырык тапты.

Англиянын басма сөзүндө орун алган кабар жана сереп салууларда Бельгия өкмөтү жана коопсуздук күчтөрүнүн террор менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн сураштырса, террор менен күрөшүү адистери да чалгындоо жана полиция бөлүктөрүн сындады.

Өлкөнүн алдыңкы журналдарынан Файнаншл Таймс, "Эрдогандын Европанын эскертилгени боюнча берген маалыматынын, Бельгия үчүн чоң саясий уят боло турганын" белгилеп, Бельгия өкмөтүнүн ансыз деле кол салгычтардын дагы жакшы байкалбагандыгы жөнүндөгү татаал маселелерге дуушар болгонун жазды.

"The Independent" гезити да кечээки макаласында "Жаңылыштыктар трагедиясы" деген тема койду. "The Times" гезити "Бельгиялык жооптуу кызматкерлердин жаңылыштыктары, бомбачылардын коопсуздук желесинен качып кетишине уруксат берди" аттуу кабарында, Түркиянын террористтерге байланыштуу эскертүүлөрүнүн европалык кесиптештери тарабынан эске алынбаганына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар