Япония ракеталык коргонуу системасын жайгаштырат
Япон коргоо күчтөрүнө Түндүк Кореядан атыла турган кандайдыр бир ракетаны атып түшүрүүгө даяр туруулары боюнча буйрук берилди
![Япония ракеталык коргонуу системасын жайгаштырат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9d65/ab39/b634/56f162b4cef08.jpg?time=1719099980)
Япониянын борбору Токиого келээрки жылы ракеталык коргонуу системасынын жайгаштырылышы пландалууда.
Кйодо агенттигинин маалыматына караганда Япониянын коргоо министри Ген Накатани, Түндүк Кореянын баллистикалык ракета провокацияларына каршы Токиого ракеталык коргонуу системасынын курулуусу пландаштырылып жатканын айтты.
Накатани «Патриот РАС-3» үлгүсүндөгү ракеталык коргонуу системасын борбор шаар жана айланасындагы аймактарды коргоо максатында 2017-жылдын март айында туруктуу жайгаштырууну ойлогондорун сөз кылды.
Накатанинин япон коргоо күчтөрүнө Түндүк Кореядан атыла турган кандайдыр бир ракетаны атып түшүрүүгө даяр туруулары боюнча буйрук бергендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719099980)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719099980)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.