Стамбулдагы жардырууну чет элдиктер да айыпташууда

Стамбулдун Бейоглу районундагы Истиклал проспектисинде болгон террордук кол салууга дүйнө жүзү өз пикирлерин билдирүүдө.

454415
Стамбулдагы жардырууну чет элдиктер да айыпташууда

Стамбулдун Бейоглу районундагы Истиклал проспектисинде болгон террордук кол салууга дүйнө жүзү өз пикирлерин билдирүүдө.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин баса сөз өкүлү Нед Прайс, Америка Кошмо Штаттарынын Бейоглундагы террордук кол салууну катуу айыптаганын билдирип, «НАТО шериктешибиз жана өнөктөшүбүз Түркияны талыкпастан колдоосун улантууда. Түркияда кайталанган бул террордук кол салуулар соңуна чыгарылышы керек. Териштирүү баскычында түрк жооптуу кызматкерлери менен жакын байланыш куруудабыз жана бул шайтандай терроризмге каршы кызматташуу үчүн байланышта экенибизди кайра тастыктайбыз»,-деди.

Стамбулдагы Американын башкы консулдугунун твиттер эсебинен берилген бөлүшүүдө «Истиклалдагы жарылууга капа болуп жатабыз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн капасын бөлүшөбүз, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз»-деген сөздөргө орун берилди.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху да бүгүнкү күндө терроризм эл аралык деңгээлге жеткенин белгилеп, учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн, ал эмес Жакынкы Чыгыштын айланасындагы өлкөлөрдү да коркунучка салганын жана мунун жообу да эл аралык болушу керектигин айтты.

Нетаньяху жаралуулардын жана каза болгондордун Израилге алып барылышы үчүн 2 тез жардам учак жибергендерин билдирди.

Түркия менен байланыш абалында болгондорун белгилеген Нетаньяху, кол салуулардын израилдиктерди бутага алып же албаганы изилденип жатканын билдирди.

Европа Биримдиги комиссиясынын кеңейүү сүйлөшүүлөрү жана коңшулук саясаттары боюнча мүчөсү Йоханнес Хан, твиттердеги жарыясында Стамбулдагы террордук кол салууну катуу айыптап курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн кайгысын бөлүшкөнүн билдирди.

ЕБ Комиссиясынын көч жана ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Дмитрис Аврамопулос да кол салууну катуу айыптап террор менен биргелешип күрөшүүнүн улана турганын баса белгиледи.

Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц да, «Стамбулдагы мыкаачылык жан кечтилик кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүн кайрат кылууга чакырамын жана жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеймин»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг кол салууну катуу айыптап, «Терроризмге эч качан мыйзамдуулук берилбейт. НАТОнун бардык мүчөлөрү, Түркияны колдойт жана террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөшүүдө чогуу кыймыл кылат»,-деп баса белгиледи.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро: «Бул мыкаачылык жана жырткычтай кол салууну катуу айыптайм. Франция терроризм менен күрөшүүдө Түркия жана түрк калкы менен колдошот»,-деди.

Улуу Британиянын Стамбулдагы башкы консулу Ли Тернер, социалдык медиа тармагынан жарыялаган маалыматында, «Кечээ Истиклалда болгон жарылуу мени абдан капага салды. Менин ойлорум бул окуядан таасир алгандар жана үй-бүлөлөр менен бирге»,деп жазды.

Грузиянын премьер-министри Гиорги Квирикашвили, билдирүүсүндө «Акыркы мезгилде Түркияны бушайман кылган террордук кол салуулар абдан санааркатат»,-деп айтып түрк калкынын бул кыйын кезеңден ашып өтө турганына ишенгенин сөз кылды.

Квирикашвили түрк өкмөтүнүн эл аралык өнөктөштөрү менен террорду тизгиндей турганына ишенгенин баса белгиледи.

Косовонун президенти Хашим Тачи жана Албаниянын тышкы иштер министри Дитмир Бушати, твиттер эсептеринде кайгыларды бөлүшкөндөрүн жана түрк калкы менен колдошууда экендиктерин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар