Бельгиянын эки жүздүү кылыктары

Бельгиянын кылганын кандай түшүнсө болот?

453007
Бельгиянын эки жүздүү кылыктары

ДЕАШка мүчө террористтерге каршы операция жүргүзгөн Бельгия, ПККлык террористтерге чатыр курду.

Түркия менен Европа Биримдигинин саммити өткөрүлө турган борбор шаар Брюсселдеги Консейдин имаратынын дароо жанында, бөлүүчү террор уюму ПККга мүчө террористтердин чатыр курушуна уруксат берилди.

Борбор шаар Анкарада жакында эле 13-мартта ондогон карапайым адамдын канын төккөндөр ушул мыкаачылар экендиги билинбегенсип кыймыл кылууда.

Брюссель полициясы, террористтердин так эле саммиттин алдында жүргүзгөн чагымчыл кыймылдарына кайдыгер калууда.

Ал эми ошол эле полиция, көптөгөн күндөн бери Франциянын борбор шаары Парижде 13-ноябрда болгон кол салуунун чыккынчыларын издеп жүрөт. Көчөлөр, үйлөр бир-бирден тинтилип жатат. Франциянын коопсуздук күчтөрү менен ылдам түрдө чалгындоосун бөлүшүүдө.

Сөздүн кыскасы алардын кандарын агызганда жаман террорист, Түркиянын территориясында кан төккөндө жакшы террорист болот.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын бардык платформада сөз кылганы сыяктуу «террор менен эки жүздүү күрөшүү» тилекке каршы кайра болуп жатат.

Европанын жүрөгү деп кабыл алынган Бельгия, террор уюмдары ПКК жана ДНКП-Жнын акцияларын эң көп уланткан өлкөлөрдүн башында турат.

Уюмдун лидерлери жашаган бул өлкөдөн телеканалдар да кан агызууда.



Тектеш кабарлар