Сирияда ок атууну токтотуу бүгүн түнү ишке кирет

Талкуулар Ел Нусра жана ДЕАШ менен бирге кайсы топтордун ок атууну токтотуунун тышында калары тууралуу катуу жүрүүдө

440014
Сирияда ок атууну токтотуу бүгүн түнү ишке кирет

Ок атууларды токтотууга сааттар калганда Орусиянын өлкөдөгү бомбалоолорун күчтөндүргөнү билдирилди. Араларында Түркия да болгон Эл аралык Сирияны колдоо тобу ок атууларды токтотууну тактоо үчүн Женевада сүйлөшүүлөрдү улантууда. Талкуулар Ел Нусра жана ДЕАШ менен бирге кайсы топтордун ок атууну токтотуунун тышында калары тууралуу катуу жүрүүдө.

Ок атууларды токтотуу келишими бүгүн кечинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бекитүүсүнө сунушталат. Ошол эле учурда Орусия Сирияга туруктуу тынчтыкты алып келүү үчүн өткөрүлгөн Женева сүйлөшүүлөрүнүн кийинки турунун 7 – мартта өткөрүлөрүн билдирди. Бир тараптан БУУ акыркы эки жуманын ичинде курчоо астындагы 17 отурукташуу жерлеринде өлүмчүл ачкачылык чек арасында 125 миң кишиге жардам жеткирлгенин билдирди.



Тектеш кабарлар