Венгрияда качкындар тууралуу референдум

Түркиянын Сирия чек арасындагы Килис шаары 117 миң сириялыкты тосуп алса, Венгрия 827 качкын үчүн элдик добуш берүүгө барат

439155
Венгрияда качкындар тууралуу референдум

Түркиянын Сирия чек арасындагы Килис шаары 117 миң сириялыкты тосуп алса, Венгрия 827 качкын үчүн элдик добуш берүүгө барат.

Премьер – министр Виктор Орбан Европа Биримдигинин качкындардын мүчө өлкөлөрдүн арасында бөлүштүрүүдө мажбур түрдөгү квотаны элдик добуш берүүгө сунууга чечим чыгарды. Элден : «Парламенттин бекитүүсү болбостон, Европа Биримдигинин венгер жараны болбогон кишилердин Венгрияда жашоосуна чечим чыгарылуусун каалайсызбы?»,- деген суроо суралат.

Элдик добуш берүүдө кабыл албаган кишилердин Венгриянын көз карандысыздыгын жактаган кишилер болорун жактаган Орбан башка биримдик мүчөлөрүнө да ушул жолду сунуш кылды.

Квотанын Венгрия менен Европанын этникалык, маданий жана диний көрүнүшүнө кайрадан форма берерин ортого салган Орбан : «Венгрия өкмөтүнө караганда буга эч бир Европа Биримдиги өлкөсүнүн чечим чыгаруу жоопкерчилиги жок. Ушул кезге чейин эч ким европалыктардан мажбур түрдөгү квотаны каалайбы деп сураган жок. Адамдардан сурабастан мындай чечим чыгаруу күчүн жокко чыгарууда»,- деди.

Европа Биримдигинин 160 миң качкынды мүчө өлкөлөрдүн арасында белгилүү квоталар менен таркатуу планында Венгрияга 827 гана качкын кире алат.



Тектеш кабарлар