Украинадагы төңкөрүш эскерилди...
Көп күнгө созулган кыймылдарда митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан кагылышууларда 100дөн ашуун киши каза болгон.
Украинада «Аянттагы окуялар» башталган күндү белгилеп жатканда кайра баш аламандык болду...
2014-жылы Виктор Янукович бийлигинин кулашына алып келген кыймылдарды эскериш үчүн чогулган митингчилер, Орусиянын банктарына кол салышты.
Украинада 2013-жылдын акырында ал мезгилдин президенти Виктор Януковичтин "Европа Биримдиги менен шериктештик" келишимине кол коюуну четке какканына каршылык катары Киевде Европа Биримдигин жактоочулар митинг башташты.
Көп күнгө созулган кыймылдарда митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан кагылышууларда 100дөн ашуун киши каза болгон.
Окуялар күчөп кеткени боюнча Янукович Орусияга качты.
Андан кийин дароо Орусия Крымды аннекциялап алды.
Андан соң өлкөнүн чыгышындагы Орусияны жактоочулар борбордук башкаруу күчтөрүнө каршы оор куралдар менен кол сала баштады.
Ошондон бери аймакта эки тараптын ортосундагы кагылышуулар токтобой келет...
Украинада «Аянт окуяларын» белгилөө убагында борбор калаада дагы баш аламандык болду.
Орусияга каршы чыккандар орусиянын банктарынын Киевдеги кеңселерин басып алышты. Ызалуу топтор банктарга таш ыргытышып, терезелерин сындырышты. Митингчилер түндү көчөлөрдө өткөрүштү. Эки жыл мурдагы кыймылдарда каза болгондор, «Бейишке кеткен 100 баатыр» деп аталган иш-чара менен эскерилди.
Демонстранттар кеңири катышуучусу болгон жүрүш өткөрдү. Каза болгон демонстранттардын жаркын элеси эскерилип гүлдөр коюлду.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.