Орусия С -300 системаларынын биринчи партиясын тапшырат

Орусиянын Риа Новости агенттиги Москва башкаруусунун С -300 абадан коргонуу системаларын Каспий жээгинде жайгашкан Астрахань шаарындагы бир порттон кеме менен Иранга жиберерин жарыялады

435134
Орусия С -300 системаларынын биринчи партиясын  тапшырат

Орусия С – 300 системаларынын биринчи партиясын эртең бейшемби күнү Иранга тапшырат. Орусиянын Риа Новости агенттиги Москва башкаруусунун С -300 абадан коргонуу системаларын Каспий жээгинде жайгашкан Астрахань шаарындагы бир порттон кеме менен Иранга жиберерин жарыялады.

Орусия менен Иран 2007 - жылы С – 300 абадан коргонуу системасын сатуу боюнча келишкен, АКШ менен Израиль кол коюлган келишимге катуу каршылык көрсөткөн.

Орусия 2010 - жылы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга карата курал эмбаргосу чечимин чыгаргандан кийин С – 300 келишимин бир тараптуу токтотконун билдирген. Иран Орусиянын чечимин эл аралык арбитраждык сотко алып баруу менен 4 миллиард долларлык доо ачкан.

Орусиянын президенти В. Путин 2015 - жыл апрель айында кол койгон жобо менен С -300 узун аралыктуу абадан коргонуу системаларынын Иранга тапшырылышына карата тыюу салуунун жоюлганы билдирилген. Тегеран башкаруусу да С – 300дөрдүн тапшырылуусу менен арбитраждык соттогу доону кайра аларын билдирген.

Орусия мамлекеттик технология фирмасы РосТес башкы директору Сергей Чемезов Иран жана Орусиянын арасында С – 300дөрдүн Тегеранга тапшырылуусу үчүн жаңы бир келишимге кол коюлганын жана келишимдин ишке киргенин жарыялаган болчу.

Учактарга жана баллистикалык ракеталарга каршы узун аралыктуу С -300 абадан коргонуу ракеталары мурунку орус технологиясы менен чыгарылганына карабастан азыр да дүйнөнүн эң таасирдүү абадан коргонуу системаларынын бири катары мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар