Нидерландия Сирияны колдоо тобуна кошулууда
Сирияны колдоо тобунун максаты эмне?
![Нидерландия Сирияны колдоо тобуна кошулууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/70d8/1e71/3c05/56bee0cfb4c36.jpg?time=1719136121)
Нидерландия Эл аралык Сирияны колдоо тобуна кошулууда.
Тышкы иштер министри Берт Кундерс, өлкөсүнүн аты аталган топко 18чи өлкө катары кошула турганын билдирди.
Кундерс Нидерландиянын Сириядагы кризиске байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө катыша турган болушу абдан маанилүү экенин сөз кылды.
Нидерландиянын акыркы мезгилдерде өзгөчө гуманитардык жардамдар темасында өз салымын кошуп жатканын белгилеген Кундерс: «Үстөлдө чоң өлкөлөр менен бирге отурабыз, бул мүмкүнчүлүк болуп саналат»-деди.
Арасында Түркия да орун алган 17 өлкө жана 4 эл аралык уюмдан турган Эл аралык Сирияны колдоо тобу, Сириядагы жарандык согушту соңуна чыгарып, өлкөдөгү маселеге саясий чечүүчү жол табууну максаттоодо.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719136122)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719136122)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.