Орусия учактары Халепке кол салды

Кол салууда 15 киши каза болуп, 20 киши жараланды

405087
Орусия учактары Халепке кол салды

Орусия аскердик учактарынын Халепте оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү жарандык отурукташуу жерлерине «вакум бомбасы» менен жасаган кол салууда 15 киши каза болуп, 20 киши жараланды.
Халепте жарандык коргонуу жетекчилеринен алынган маалыматтарга караганда Орусия армиясына таандык аскердик учактар Халептин борборунда Салихийн, Керм Тарраб жана Шейх Саид мааласы менен шаардын түндүгүндөгү Анадан району жана шаардын түштүгүндөгү Хан Туман аймагына «вакум бомбасы» менен кол салды.
Жетекчилер орустардын абадан кол салууларында чоң масштабда зыянга учуроо болгонун белгиледи. Ошол эле учурда Халептин түштүгүндөгү активисттерден Хүсейин Абдулфеттах Орусия учактарынын эртеден бери Халептин түштүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарды бомбалаганын айтты. Хүсейин Абдулфеттах : «Орусия учактары Халептин түштүгүндө Асад күчтөрү менен шаардын түндүгүндө да ПЙД менен террордук уюм ДЕАШка жардам берүүдө»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар