Баш калкалоочулардын трагедиясы уланып жатат

Бир баш калкалоочу токко урунуп каза болду.

358569
Баш калкалоочулардын трагедиясы уланып жатат

Греция-Македония чек арасында баш калкалоочулардын трагедиясы уланып жатат.
Чек арадан өтүүгө аракет кылган марокколук баш калкалоочу поезддин вагонунун үстүнө чыгыйын деп жатканда токко урунуп каза болду.
Чыңалуу күчөгөндүктөн чек арадан өтүүлөрүнө уруксат берилбеген баш калкалоочуларга каалгалар ачылды.
Македониянын жалгыз гана сириялык, ирактык жана ооганстандык баш калкалоочуларды кабыл алуу чечиминин айынан жүздөгөн баш калкалоочу 10 күндөн бери эки өлкөнүн ортосунда калды.
Бир тараптан Ливиядан Италияга өтүү үчүн үйлөтүлгөн кемелер менен Жер Ортолук деңизине чыккан 1 миң 984 баш калкалоочу ар башка операцияларда куткарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар