Орусиянын президенти Иранга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Иран президенти Хасан Рухани менен жолукту. Бир топ келишимге кол коюлду.

368216
Орусиянын президенти Иранга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Иранга барды.
8 жылдык мөөнөттөн кийин Тегеранга барган Владимир Путиндин күн тартип программасы абдан тыгыз эле.
Путин бул жерде диний лидери Айетуллах Хаманей менен жолуккандан кийин президент Хасан Рухани менен жолукту.
Жолугушуулардын эң маанилүү күн тартип беренеси Сириядагы абал жана ДЕАШ менен күрөшүү болду.
Путин Сириянын келечегине сирия калкы чечим чыгарышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Орусиянын президенти : «Эч ким өз көз карашын бул өлкөнүн элине киргизүү укугуна ээ эмес. Демократия ойлорун айткан кишилер Сириядагы шайлоолорго кийлигише алышпайт»-деп айтты.
Рухани болсо аймактагы террорист топтор менен күрөшүү үчүн Орусия менен кызматташтыктын өнүктүрүлө турганын белгиледи.
Эки өлкөнүн ортосунда саламаттык сактоодон банкчылыкка чейин, саякат темаларынан транспортко чейин бир топ келишимге кол коюлду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар