Израиль абактарында 400 палестиналык бала камоого алынган

Расмий сандарга караганда Израиль абактарында 6 миң 500 палестиналык камоодо

419872
Израиль абактарында 400 палестиналык бала камоого алынган

Израиль абактарында жаштары 11 – 17 арасында болгон алтоосу кыз болгон 400 палестиналык бала камоого алынган. Палестина туткундар жамаатынан 20 - ноябрь дүйнөлүк балдар укуктары күнүнөн улам жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта бул жылдын ичинде жүздөгөн баланын камоого алынганы, кээ бир балдар камоо учурунда чыныгы ок менен менен жараланып Израиль ооруканаларына жаткырылганы билдирилди.
Маалыматта балдар укугун коргогон эл аралык мекемелерге Израилге каршы туруулары жана балдардын эркин койо берилүүсү тууралуу кысым кылууга чакырды.
Израилдин октябрь айынын башынан бери 800 палестиналык баланы камоого алганы билдирилген. Палестина туткундар жамаатынын маалыматтарына караганда Израиль 2000 - жылдан бери 8 миң 500 палестиналык баланы камоого алды. Расмий сандарга караганда Израиль абактарында 6 миң 500 палестиналык камоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар