Месжид - и Аксага карата эреже бузуулар улантылууда...
Октябрь айынын башынан бери кол салууларда 65 палестиналык каза болуп 7 миңден ашуун киши жараланды
Израиль аскерлеринин Месжид- и Аксага карата эреже бузуулары менен күч алган араздашуу Батыш Шериа, Иерусалим жана Газада күч алуу менен улантылууда.
Месжид - и Аксага карата эреже бузуулар улантылууда...
Еврей отурукташуучулар Израиль аскеринин коргоосу астында дагы бир жолу Месжид - и Аксага кирди.
40ка жакын кишиден турган еврей отурукташуучу Израиль аскерлери менен бирдикте Магарибе капкасынан Аксага кирди жана Месжид - и Аксанын ичиндеги палестиналыктар болсо текбир кылып окуяга каршы чыгышты. Ошол эле учурда Батыш Шерианын түрдүү аймактарында Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда чыккан окуяларда 40тан ашуун палестиналык жараланды.
Батыш Шериа, Иерусалим жана Газанын түрдүү аймактарында күн сайын «бычактуу кол салды» деген ырастоолор менен палестиналыктар Израиль аскелеринин бутасы болууда. Израиль аскерлеринин октябрь айынын башынан бери Батыш Шериа, Иерусалм жана Газада палестиналыктарга карата кол салууларында 65 палестиналык каза болуп 7 миңден ашуун киши жараланды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719147598)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719147598)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.