Обама кара кишилердин зомбулукка учурап жатканын айтты
Маселе саясий талаш - тартыш болбостон чечилүүсү керек
АКШнын биринчи кара президенти болгон Барак Обама өлкөдөгү кара кишилерге карата полиция зомбулугу тууралуу маалымат берди.
Обама Америка полициясынын кара кишилерге карата ашыкча күч колдонгонун белгилеп : «Бул абдан олутттуу маселе»,- деди. Обама Ак үйдө адилеттик системасы тууралуу форумда сөз сүйлөдү.
Коопсуздук бөлүктөрүнүн кара кишилерге башка мамиле кылынганын айткан Обама полициянын кара кишилерге ашыкча күч колдонгону чындык экенин жана буга саясий талаш – тартыш болбостон олуттуулук менен каралуусу керектигин айтты.
Обама өлкөдөгү жаза системасынын жана абактардын абалынын жакшыртылуусу керектигин да баса белгиледи.
Америка полициясынын кара кишилерге карата ашыкча күч колдонуусуна каршы экенин ортого салган «Кара кишилердин өмүрү кымбат» аттуу кыймыл тууралуу да билдирген Обама бул кыймылдын афро – америкалыктардын маселелерине көңүл бурган маанилүү жарандык коом кыймылы экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.