Кытай атомдук станциясынын саны боюнча АКШны ашып өтөт
Кытайлык жетекчилер жаңы атомдук станциянын курулушу үчүн 786 миллиард доллар бюджет бөлдү
Пекин башкаруусу 2033 – жылга чейин 110дон ашуун атомдук станция курууну пландап жатат. Кытайлык жетекчилер жаңы атомдук станциянын курулушу үчүн 786 миллиард доллар бюджет бөлдү.
«China Timesтын» кабарына караганда Кытай он үчүнчү беш жылдык өнүгүү планынын алкагында жылда 6 – 8 атомдук комплекс курууну пландап жатат.
Электр муктаждыгынын 3 пайызын атомдук станциялардан алган Кытай 2030 - жылы бул катнашты 20 пайызга чыгарууну максат кылууда.
Дүйнөнүн эң чоң бешинчи атомдук энергетика өндүрүүчүсү болгон Кытайдын 2030 – жылга чейин Орусия, Франция, Японияны жана акыркы болуп АКШны да артка калтырып, атомдук энергия өндүрүүдө биринчи орунга чыгарын күтүүдө. Пекин башкаруусу атомдук реактор проектилерин 2011 - жылдагы Фукусима апаатынан кийн токтотконун билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.