2016-жылы Кыргызстан КМШда төрагалык кылат

Бул тууралу бүгүн КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын жыйынында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

393357
2016-жылы Кыргызстан КМШда төрагалык кылат

2016-жылы Кыргызстан КМШда төрагалык кылат. Бул тууралу бүгүн КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын жыйынында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы Кыргызстан КМШда төрага-мамлекет катары КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берүүчү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча иштерди улантуунун принциптерин жана эрежелерин сактамакчы. “Биз Шериктештикте төрагалык концепцияга ылайык долбоорду даярдаганбыз. Үстүбүздөгү жылы декабрь айында Концепция белгиленген тартипте расмий көрсөтүлөт”,-деди А.Атамбаев.
“Биздин үлүшүбүзгө ардактуу миссия, башкача айтканда Шериктештиктин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына байланыштуу 2016-жылы Бишкекте КМШнын мааракелик саммитин өткөрүү туура келди”,-деп белгилеп, А.Атамбаев бул жыйынды 2016-жылы 16-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштады.
Ошондой эле, мамлекет башчысы теңтөрагалык кылуучу Казакстан жана Россия мамлекеттери менен бирдикте 2016-жылы Шериктештикте төрагалыкты жемиштүү өткөрүү үчүн бардык аракетти көрөрүнө ишендирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар