Орусия Сирияда абадан операция жүргүздү
Орус аскерлери мындан кийин Сириядагы абадан операцияларда орун алат.
Орусия Сирияда алгач ирет абадан операция жүргүздү.
Коргоо министрлиги Хомс шаарында террордук уюм ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн эки абадан операция тууралуу АКШга маалымат берилгенин билдирди.
Америка тараптан болсо операцияда ДЕАШтан тышкаркы буталардын да бомбаланганы айтылды.
Бул операция орус парламентинин үстүңкү баскычы аскерлердин чет өлкөдө милдеттендирилишин бир добуштан кабыл алгандан кийин бир канча саат өткөн соң жүргүзүлдү.
Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов, орус аскерлеринин мындан кийин Сирияда өткөрүлө турган абадан операцияларда кызмат өтөй турганын, бул талаптын Сириянын лидери Башар Асаддан келгенин айтты.
Президент Владимир Путин парламенттин бекитүүсүнөн кийин жарыялаган билдирүүсүндө: «Сирияда террор буталарына чара көрүүчү операцияларды жүргүзөбүз»,-деген эле.
Орус лидер Асадга колдоосунун абадан операция менен чектелээрин, Сирияга кургактык бөлүктөрүн жөнөтпөй турганын да кайталады.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.