Орусиянын сунушу
Жон Керри акыркы 10 күндүн ичинде Лавров менен телефон аркылуу үч башка сүйлөшүү өткөрдү.
Орусия Сириядагы акыркы кырдаалдан кийин Вашингтон менен Москванын ортосунда аскердик сүйлөшүү жана жыйындарды өткөрүүнү сунуштады.
Вашингтон башкаруучулугу болсо, Орусиянын акыркы мезгилдерде Асад режимине колдоосун арттырганына байланыштуу маалыматтарга тынчсызданууда.
Аскердик жардам сыяктуу кадамдардын Сириядагы ыраатсыздыкты дагы да күчөтөөрүн ойлоп жатат.
Акыркы 10 күндүн ичинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу үч башка сүйлөшүү өткөргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Лавровду Орусиянын Асадга колдоосунун кагылышууларды дагы да күчөтүү жана узартуу коркунучу бар экени боюнча эскертти.
Керри Сирияда кагылышуу ыктымалдуулугун азайтуу үчүн эмне кылынышы керектигин сүйлөшүүнү жана жыйындарды өткөрүүнү Лавровдун да сунуштаганын айтты.
Орустардын сүйлөшүү сунушун жылуу караган Керри, Орусия бир гана ДЕАШка багытталган учурда Сирияда саясий өзгөрүүгө карата аракеттерде потенциалдуу өнөктөш боло алаарын баяндады.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.