Европаны бушайман кылган көч толкуну

Германия бул маселеге Америка Кошмо Штаттары менен араб өлкөлөрүн да кошкууга кызыкдар.

377681
Европаны бушайман кылган көч толкуну

Европага көч толкуну уланып жатканда Германия бул маселеге Америка Кошмо Штаттары менен Араб өлкөлөрүн да кошкусу келет.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер өнөр жайлашкан өлкөлөрдөн турган G-7лерди жана араб өлкөлөрүн бул айда сириялык баш калкалоочулар тууралуу сүйлөшүү үчүн жыйналышка чакыра турганын жарыялады.
Штайнмайер парламенттеги сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар комиссарлыгынын ушундай орчундуу күндөрдө жетиштүү каражаты болбой калганын белгилеп өттү.
Акчасыздыктын айынан лагерлерге берилген азык-түлүк көлөмүнүн жарым-жартыга азайганын белгилеген Штайнмайер, G-7 жана араб өлкөлөрү менен жыйналыш өткөрүү сунушун Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын бул айдагы жыйналышы убагында күн тартипке алып чыгаарын билдирди.
Бул учурда 300 чакты баш калкалоочу, Германияда жайгаштырылган мектеп имаратын таштап, Швецияны көдөй жөө жөнөштү. Баш калкалоочулардын Дания чек арасынан өтүп жатканынан полиция жолду жапты. Баш калкалоочулар жүрүшүн улантууда полиция болсо азырынча байкап гана турат. Дания баш калкалоочулардын алардын жерлери аркылуу Швецияга өтүүсүнө бөгөт коюш үчүн Германия менен болгон поезд каттамдарын токтотту. Швецияга барыш үчүн Германиядан чыккан баш калкалоочуларга толгон бир поезд да Данияда токтотулду. Баш калкалоочулар поездден түшүүнү жана Швецияга өтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жоюлбашы үчүн катталуудан баш тартып жатышат. Катталуудан баш тарткан учурунда баш калкалоочулар Гегманияга кайра жөнөтүлөт.
Венгрия жана Австрияда да баш калкалоочулардын жөө түндүктү көздөй кете турган жолдору жабылды.
Бир тараптан баш калкалоочуларга каршы жикчилдик акциялар уланууда.Францияда Роан шаарынын мэри, шаарга тек гана христиан баш калкалоочуларды кабыл ала тургандарын жарыялады. Словакия да тек гана христиан баш калкалоочуну кабыл алууну пландаганын жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар