НАТОнун Карадеңиздеги машыгуусу
Машыгуу 12-сентябрга чейин уланат.
НАТОнун Деңизден жана абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуулары уланып жатат.
Украина менен НАТО күчтөрүнүн «Деңиз сыдырым жели-2015» машыгуусу Карадеңизде башталды.
АКШ флотунун жетекчилигиндеги машыгууга Түркия, Германия, Болгария, Англия, Швеция, Италия, Молдова, Румыния, Украина жана Грециядан деңиз күчтөрү катышууда.
Украинанын Одесса жана Николаевск шаарларында 2 миң 500 аскер жана 150дөн ашуун согуштук унаа колдонула турган машыгуу 12-сентябрга чейин уланат. АКШ машыгуу үчүн 1 миң аскер, 5 согуштук кеме, 2 деңизден чабуул коючу кеме жана 6 учак жөнөттү.
Бул учурда 11 НАТО өлкөсүнүн абадан коргонуу күчтөрү катышкан «Swift Response 15» машыгуусу да уланып жатат.
АКШ армиясынын лидерлигиндеги машыгуу Германия, Румыния, Болгария жана Италия болуп 4 башка өлкөдө өткөрүлүүдө.
Германия, Болгария, АКШ, Франция, Нидерландия, Англия, Испания, Италия, Польша, Португалия жана Грециядан 4 миң 800дөн ашуун аскер кызмат өтөп жаткан «Swift Response 15» машыгуусу 13-сентябрга чейин уланат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719067244)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719067244)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.