Европаны бушайман кылган көчмөн агымы

Европага карай көч толкуну Германиянын каалгаларына жетти.

341710
Европаны бушайман кылган көчмөн агымы

Венгрия, жүздөгөн көчмөндү вагондорго салып Германияга жөнөттү. Германиянын канцлери Ангела Меркель, качкын көчмөндөр менен дүйнөлүк адам укуктары баалуулуктары сыноодон өтүп жатканын айтты.
Францияда болсо өкмөттүн саясатына каршы чыккандар бар. Германиянын каршы чыкканына карабастан Будапештте көп күндөн бери поезд станциясында таңды атырган качкын көчмөндөргө Австрия жана Германияга кеткен поезддерге түшүү уруксаты берилди.
Качкын көчмөндөр айрымдарынын билеттери болбогонуна, жанында документи да болбогонуна карабастан Мюнхен поездине түшүштү. Поезд Австрия чек арасында токтотулду.
Бир тараптан Германиянын канцлери Ангела Меркель маалымат жыйынында күчөп бараткан жикчилдиктен тынчсызданганын сөз кылды. Меркель: «Европа качкын көчмөн маселесине чечим таба албай калса, дүйнөлүк адам укуктары тебеленсе, бул биздин Европабыздын деңгээлин төмөндөтөт»-деди.
Немистерди качкын көчмөндөргө каршы акцияларга катышпоого чакырган Меркель, башка Европа Биримдиги өлкөлөрүн да баш калкалоочулардын адилеттүү түрдө бөлүштүрүлүшү үчүн күчүн жумшоого чакырды.
Германияда учурда 800 миң баш калкалоочунун кайрылуусуна жыйынтык чыкпай турат. Өлкөдө качкын көчмөндөргө каршы барган сайын күчөгөн акцияларга каршы толеранттулукту жактаган немистер да аракетке өтүштү. Жамель шаарында неонацисттикке каршы рок фестивалы уюштурулуп, андан түшкөн киреше көчмөндөргө арналды.
Бул учурда Европа Биримдиги, Францияга Англияга өтүү үчүн Каледе күтүп турган көчмөндөргө жардамга колдонушу үчүн 5 миллион евро бөлүп берди.
Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс Калеге барганда качкын көчмөндөр үчүн жаңы лагер кура тургандарын жарыялады. Вальс жана министрлердин маалымат жыйынына бир митингчинин акциясы тамгасын бастырды. Аракетке өтүү үчүн 200 миң кишинин өлүшүн күтүп жаттыңыз беле деп кыйкырган митингчи колу бутунан кармалып тышка чыгарылды. Англия болсо Юротоннель жолу менен Англияга өтүүлөрдү токтотуш үчүн жаңы тосмолорду куруп жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар