Көчмөндөр трагедиясы

Жер Ортолук деңизинде качкын көчмөндөрдү ташыган эки кеме кырсыкка учурады.

370797
Көчмөндөр трагедиясы


Ливиянын Зувара жээктеринде 500дөй качкын көчмөндү ташыган эки кеме оодарылып кетти.
Ливиянын жээк коопсуздугун сактоочу топтору 200 чакты качкын көчмөндүн куткарылганын бирок көптөгөн адамдын каза болгонун билдиришти.
Каза болгондордун Сирия, Бангладеш жана айрым Африка өлкөлөрүнөн көчмөндөр экени айтылууда.
БУУнун акыркы көрсөткүчтөрүнө караганда быйыл Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага барууга аракет кылган 2 миң 400 качкын көчмөн каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар