Путин - Король Абдуллах жолугушуусу
Путин 26 - августта да Египеттин президенти Абдулфеттах ел – Сиси менен жолугушат
Сирия кризисинин чечилүүсүндө жана кагылышкан тараптардын сүйлөшүү столуна отуртулуусунда Орусиянын маанисин белгилеген Король Абдуллах: «Биз Сирия кризисине чечүүчү жол табууга мажбурбуз. Сиздердин жана өлкөңүздөрдүн ролу абдан маанилүү. Тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн бардык тараптардын катышуусу турмуштук мааниге ээ»,- деди.
Орусиянын президенти Путин да : «Сиздер менен аймактын маселелери жана эки тараптуу карым – катнаштарды сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тапканыбыз үчүн ыраазыбыз»,- деди.
Москва Сирияда ички кагылышуулар башталган 2011 – жылдын март айынан бери Сириянын лидери Башар Асадга колдоосун улантууда.
Сирия кризисине тыштан кийлигишүүгө каршы чыккан Орусия Асаддын келечеги тууралуу чечимдин Сирия калкы тарабынан чыгарылуусун талап кылууда. Ошол эле учурда Орусиянын президенти Путин Абу Дабинин мураскер принци Шейх Мухаммед бин Зайед ел Нахян менен да Сирия тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Путин 26 - августта да Египеттин президенти Абдулфеттах ел – Сиси менен жолугушат.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.