Европада бөлүүчүлүк

Словакия 800 качкын санына нааразычылык көрсөттү

335966
Европада бөлүүчүлүк

Словакия жана Чех республикасы Сириядагы ички согуштан качкандардан христиан болгондорду гана кабыл алышарын жарыялады.
Словакиялык жетекчилер чыгарган чечимдерине негиз катары өлкөдө эч бир мечиттин жок экендигин көрсөтүштү. Бул эки өлкөнүн мамилесине БУУму жана Европа Биримдиги катуу каршы чыкты. Европа комиссиясынын катчысы : «Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө бардык жикчилдикке тыюу салынды»,- деп баса белгиледи. БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынан берлген маалыматта да Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн динине карабастан баш калкалоочуларды кабыл алуусун талап кылды.
Европа Биримдиги сириялык 40 миң баш калкалоочунун мүчө өлкөлөрдүн арасында бөлүшүлүүсү тууралуу келишим түзгөн. Словакия өзүнө түшкөн 800 качкын санына да нааразычылык билдирип сириялык жана христиан 200 качкынды кабыл аларын жарыялады.
Чех республикасы да Сириядан келе турган 70 христиан качкынды кабыл алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар