Качкын көчмөндөр маселеси
Качкын көчмөндөрдүн саны бир айда 100 миңге жетти.
Европа Биримдиги өлкөлөрүнө барган көчмөндөрдүн саны июль айында 107 миң 500 кишиге жетип алгач ирет бир айда 100 миңге жетти.
Европа Биримдигинин Чек араларды көзөмөлдөө агенттигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2014-жылдын январь-июль айларында 123 миң 500 болгон көчмөндөр саны быйыл тийиштүү мезгилде орто эсеп менен үч эсе өсүп 340 миңден ашканы баса белгиленди.
Мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган көчмөндөрдүн көпчүлүгү Сирия менен Ооганстандын жарандары.
Билдирүүдө июль айында көчмөндөрдүн 50 миңдейи Эгей деңизинен Грециядагы аралдарга, 20 миңи Италияга, орто эсеп менен 35 миңи да Венгрияга барганы белгиленди.
Бир тараптан Германияга карай качкын көчмөндөр агымындагы олуттуу өсүү баш калкалоо маселесин жаратууда.
Германияга баш калкалоо үчүн кайрылган качкындардын саны быйыл 750 миңге жетиши мүмкүн экени айтылууда.
Германияга өзгөчө Сирия жана Балкан өлкөлөрүнөн багытталган көч агымы бар.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719131763)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719131763)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.