Египетте ысык аба

Египет метеорология мекемеси ысык аба толкунунун айдын акырына чейин таасирин улантуусунун күтүлүп жатканын билдирди

334601
Египетте ысык аба

Египетте ашыкча ысык аба толкуну жан алууну улантууда. Акыркы 48 саатта 11 киши ысык абанын айынан каза болду. Ушундайча өлкөдө көптөгөн жумадан бери таасирдүү болгон ашыкча ысыктын себебинен каза болгондордун саны 109га чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта көпчүлүгү кары картаңдар болгон 1805 кишинин да ысыктан ооруканаларга кайрылганы белгиленди.
Египет метеорология мекемеси ысык аба толкунунун айдын акырына чейин таасирин улантуусунун күтүлүп жатканын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар