Иракта кол салуу

Ирак дагы канга буланды

321824
Иракта кол салуу

Ирактын чыгышындагы Бакуба шаарынын жакындарында ДЕАШ жасаган эки бомбалуу кол салууда 58 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды. Биринчи кол салуу борбор шаа Багдаттан 60 километр алыстыктагы Бакуба шаарында бир базар жерин бутага алды. Бомба жайгаштырылган  унаа менен жасалган кол салууда  51 киши каза болуп 80ден ашуун киши жараланды.  Кол салууну ДЕАШ моюнга алды. Шаардын  чыгышына экинчи кол салуу дагы жасалды.  Бул кол салууда да 7 киши каза болуп, 25 киши жараданды. Шииттер жардам берген Ирак армиясы өткөн жылкы операция менен шаарды ДЕАШтан алган болчу. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар