Тайванда болгон Саудер тайфуну Кытайга жетти

Саудер тайфуну Тайванда да 6 кишинин каза болушуна, 100дөн ашуун кишинин жаралануусуна жол ачкан

319629
Тайванда болгон Саудер тайфуну Кытайга жетти

Саудер тайфуну Кытайга катуу жамгыр жаашы менен катуу шамал алып келди. Кытайдын чыгышындагы Фужин аймагын кечиндетен бери таасири астына ала баштаган тайфун аймакта электр үзгүлтүктөрүнө жол ачты.
Тайфундан мурда 370 миң киши аймактан чыгарылды. Электр үзгүлтүктөрү 1 жарым миллион кишиге таасир тийгизип, аймакта 36 үй кулап, 281 үй да чыгымга учурады. Борошо дүкөндөрдүн терезелерин сындырып, электр сымдарын абдан чоң чыгымга учуратты. Аймакта 7 миң полиция жана аскер даяр турат. Тайфундун себебинен аймакта көп сандаган учак жана поезд каттамы токтотулду. Саудер тайфуну Тайванда да 6 кишинин каза болушуна, 100дөн ашуун кишинин жаралануусуна жол ачкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар