Афганстанда абал
Молдо Мансурдун афган өкмөтү менен түзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жылуу караганы билинүүдө
Талибан лидери Молдо Өмердин бир канча убакыт мурда Пакистанда бир ооруканада каза болгону боюнча маалымат уюмдан келген ырастоодон кийин такталды. Талибандын иш алып баруу кеңеши болгон Куетта кеңеши Молдо Ахтар Мансурду уюмдун жаңы лидери кылып шайлады.
Молдо Өмердин каза болушунан киийн афган өкмөтү менен Талибандын ортосунда бүгүн өткөрүлүүсү күтүлүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү да кечеңдетилди. Уюмдун саясий бюросу да тынтчык сүйлөшүүлөрүнөн кабарларынын жок экенин билдиришти.
Молдо Өмердин каза болгону ортого чыккандан кийин уюмдун ичинде тынтчык сүйлөшүүсүнүн жактоочулары менен каршылардын ортосундагы бөлүнүүчүлүктүн тереңдеши мүмкүн экени жана негизги канатынын ДЕАШка өтүшү мүмкүн экени белгиленүүдө. Уюмдун жаңы лидери экени билдирилген Молдо Мансурдун афган өкмөтү менен түзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жылуу караганы билинүүдө.
Бир тараптан уюмдун негизги канатына караштуу террордук топ түштүктөгү Гельманд аймагында бир кыштакты колго алды. Кыштак жакындарында террористтер менен армия бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар улантылууда.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.