Атомдук сүйлөшүүлөр аяктады

Акыркы сүйлөшүүдөн кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

380333
Атомдук сүйлөшүүлөр аяктады

Иран менен Р5+1 өлкөлөрүнүн (АКШ, Англия, Франция, Кытай жана Германия) ортосунда 2013-жылдын ноябрь айынан бери уланып келе жаткан атомдук сүйлөшүүлөр макулдашуу менен аяктады.
Бул маалыматты ирандык бир дипломат кабарлады.
Европа Биримдигинен маалымдалгандай Иран менен тараптар өлкөлөрдүн министрлери бүгүн Венада акыркы жолу чогулушат.
Акыркы сүйлөшүүдөн кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Келишимге ылайык Ирандын атомдук программасына чектөө коюлуп, анын ордуна бул өлкөгө карай санкциялар акырындык менен жоюлат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар