Папа Францисктин Түштүк Америкага сапары аяктады

Папанын сентябрь айында да Кубага баруусу күтүлүүдө.

379673
Папа Францисктин Түштүк Америкага сапары аяктады

Католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Францисктин Түштүк Америкага сапары аяктады.
Папа Францисктин акыркы бекети Түштүк Американын эң жакыр өлкөлөрүнөн Парагвай болду.
Бул жерде кубанычтуу тосулуп алынган Папа, Какубе шаарындагы сыйынуу аземин башкарды.
Аземге он миңдеген киши катышты.
Ватикан тарыхынын алгачкы Латын Америка тектүү Папасы болгон Франциск Түштүк Америкага сапарынын алкагында Эквадор жана Боливияга да барып келди.
Папанын сентябрь айында да Кубага баруусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар