Дүйнө Иерусалим күнүн белгиледи

Дүйнө Иерусалим күнү Иран, Ирак жана Ливанда белгиленди

378783
Дүйнө Иерусалим күнүн белгиледи

Иерусалим күнү жүрүштөрүндө Израиль жана АКШ менен бирге Сауд Арабстанга каршы ураандар ташталды. Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөн жүрүшкө президент Хасан Рухани да катышты. Бирок атомдук сүйлөшүүлөр улантылып жаткан мезгилден улам Рухани сөз сүйлөгөн жок. Ирак жана Ливандагы жүрүштөрдө Изриаль менен бирге ДЕАШка да наалат айтылды. Ливандагы жүрүштө сөз сүйлөгөн Хизбуллах лидери Хасан Насраллах Палестина күрөшүнүн бир гана чыныгы коргоочусу Иран экенин жана Иранга каршылардын Палестина каршылары менен бирдей экенин айтты.
Иран ислам төңкөрүшүнүн лидери Айетуллах Хумейни 1979 - жылы Палестина төңкөрүшү менен тилектештик үчүн Рамазан айынын акыркы жумасын Иерусалим күнү деп жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар