ДЕАШ терроруна каршы күрөшүү
Ирак жана Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен болгон күрөш уланууда.
Ирактын Энбар аймагындагы салгылашууларда жана Америка Кошмо Штаттары баштаган коалиция күчтөрүнүн ДЕАШка карай абадан чабууларында 83 террорист өлтүрүлдү.
Коалицияга караштуу согуштук учактар, Рамади, Тикрит жана Диаладагы ДЕАШ буталарын бомбалады.
100 башка аймакка чабуул коюлуп 61 ДЕАШ террористи өлдү. Ондогон адам жарадар болду. ЭнбардаДЕА Ш жерлерине башталган операцияда болсо 22 террорист өлтүрүлдү.
Сирия армиясына таандык бир тик учар Халебде оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Мади аймагына баррель бомбасы менен кол салды.
Иптар убагында болгон бул кол салууда 8 киши өлдү. 10дон ашык адам урандынын алдында калды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.