Украина кризиси улантылууда
Крымдын аннекция кылынышы, Орусияга карата санкциялар, Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгү жана токтобогон Чыгыш Украина араздашуусу
Украинанын борбор шаары Киевдеги Европа парламентинин спикери Мартин Шульц бир гана чечүүчү жолдун саясий диалог экенин айтты.
Украина парламентинде сөз сүйлөгөн Шульц Орусиянын Минск келишимине шайкеш келбесе бул өлкөгө карата экономикалык санкциялардын улантыларын баса белгиледи. Санкцияларды күн тартибине алган башка бир ысым болсо Украинанын президенти Петр Поршенко болду. Порошенко : «Экономикалык санкциялардын улантылуусу Украина үчүн турмуштук мааниге ээ. Себеби Орусия федерациясын столго отуртуунун бир гана жолу бул»,- деди. Порошенко айрыкча Украинанын 5 – 6 жылдын ичинде Европа Биримдигине мүчөлүккө кайрылуу үчүн даяр болорун айтты. Араздашуунун маанилүү бир бөлүгү болсо Крым.
Крым татар улуттук парламентинин төрагасы Рыфат Чубаров Поршенконун Крым татарларына улуттук жана маданий автономиялуулуктун берилерине байланыштуу сөздөрүнө кошулбаганын белгиледи. Чубаров : «Биз Крым автономиялуу республикасынын улуттук мамлекет статусу менен таанылуусун каалайбыз. Эл аралык укукка караганда мындай укугубуз бар»,- деди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.