Парижде Украина тууралуу жыйын өттү

Нормандия төрттүгү дароо курч кырдаалдан чыгуунун жана ок атуунун токтотулушу керектигин белгиледи.

316113
Парижде Украина тууралуу жыйын өттү

Франция, Германия, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери Украинанын чыгышындагы акыркы абалдарды талкуулоо үчүн Франциянын баш калаасы Парижде чогулду.
Жолугушуудан кийин жазуу түрүндө жарыя салган Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Украинанын чыгышындагы абалга аябай кооптонгондорун билдирди.
Фабиус аймакта гуманитардык, социо-экономикалык абалдын жана саясий тартиптин нормалдашуусу үчүн дароо курч кырдаалдан чыгуунун жана ок атуунун токтотулушу керектигин белгиледи.
Анда, «Нормандия төрттүгү» деп аталган Франция, Германия, Орусия жана Украинанын «кризистин чечилиши жана берилген убадалардын орундатылышы үчүн бардык аракетти жумшоо темасында чечкиндүү болгону» баса белгиленди.
12-февралда жетишилген ок атпоо жана оор куралдардын чыгарылып кетишин көздөгөн келишимге карабай ал аймакта бул айда кайра кагылышуулар башталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар