Йеменде абал

Г - 19 өлкөлөрүнүн арасында болгон Түркия сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышат

303159
Йеменде абал

БУУ Женевада жекшемби күнү болушу күтүлгөн Йемен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн «күтүлбөгөн шарттардын себебинен» жекшембиге чейин кечеңдетилгенин жарыялады. Баш катчы Пан Ги Мун жекшемби күнү Булуң Кызматташтык Кеңешинин баш катчысы жана кээ бир Г – 16 өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушат.
Г - 19 өлкөлөрүнүн арасында болгон Түркия сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышат.
Йемендин президенти Абдураббу Мансур Хади сүйлөшүүлөрдө андан мурда Риядда болгон жыйындарда чыгарылган чечимдердин да күн тартибине алынуусун суранган. Хусилер да сүйлөшүүлөргө шартсыз түрдө катышышарын жарыялашкан. Сүйлөшүүлөрдүн 17 - июнда аяктоосу күтүлүүдө. Йеменде Иран колдогон хусилердин алдыга жылуусун токтотуу үчүн Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү абадан операция баштаткан.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар