Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети

Селден 6 киши каза болуп, 3 киши да дайынсыз жоголду.

294668
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепети


Кытайдын Хунань провинциясында жуманын башынан бери жааган жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди.
Жамгырдын себебинен пайда болгон селден 6 киши каза болуп, 3 киши да дайынсыз жоголду.
Провинциядагы көптөгөн жерди суу каптап калды.
Ушундан улам 124 миң киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, жалпы 1 жарым миллион киши жамгырдан жана селден жабыркады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар