Брюсселде Кипр боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кипр үчүн чечим табууну издөө уланууда.

292939
Брюсселде Кипр боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде Брюсселде жолуккан Европа Биримдигинин жооптуулары менен Кипрда чечим табуу үчүн жасалышы керек болгон даярдыктарды сүйлөштү.
Эспен Барт Эйде Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц, кеңейүү жана коңшулук саясаты боюнча жооптуу комиссар Йоханнес Хан жана аймактык саясаттар боюнча жооптуу комиссар Корина Крету менен жолукту.
Шульц менен бирге маалымат берген Эйде, Кипрде чечим табуу үчүн тыгыз иштеген эки лидердин бул максатка жетүүгө аракеттенгендерин күнүгө байкап жатканын белгилеп: «Чындап эле үмүттүүмүн»-деди.
Эйде: «Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Кипр маселесин ойлогон ар ким катары жасашыбыз керек болгон ушул маанилүү процессте аларга колдоо көрсөтүү. Бул мүмкүнчүлүктөн жакшы пайдаланышыбыз керек же болбосо чоң жаңылыштык болот»-деп айтты.
Мартин Шульц да Кипр темасында көптөн бери алгач ирет «көздөлгөн бир убакта чечим табуу процесси үчүн чыныгы үмүткө жетишкендерин» белгилеп, Европа Парламентинин чечим табууну колдоо үчүн эмне керек болсо жасай турганы темасында ишеним бергенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар